Орусия - Египет учак каттамдары кайрадан башталат

Орусиянын президенти В. Путин өлкөсү менен Египеттин ортосундагы учак каттамдарын кайрадан баштатты.

881945
Орусия  - Египет учак каттамдары кайрадан башталат

Орусиянын президенти В. Путин өлкөсү менен Египеттин ортосундагы учак каттамдарын кайрадан баштатты. Путин кол койгон жарлыкка ылайык Египеттин борбор шаары Каирге учак каттамдарын аткара алат. Жарлык менен орус тур операторлорунун Каирге учак каттамын камтыган Египет  турларын сатуусунун алдындагы тоскоолдук да жоюлду.

Орусия менен Египет декабрь айынын ортосунда 2 жылдык убакыттан кийин эки өлкөнүн ортосундагы учак каттамдарынын кайрадан башталышын күткөн келишимге кол койгон болчу. Келишим азырынча бир гана Москва жана Каирдин ортосунда иреттүү каттамдардын кайрадан баштатылышын күтүп жаткан. Учак каттамдары Египеттин Шарм ел Шейх шаарынан учкан орус Метрожет аба жолуна таандык жүргүнчү учагынын түшүрүлүшүнөн кийин 2015 – жылы токтотулган болчу.

Орусия тарабынан «террордук кол салуу» деп мүнөздөлгөн окуяда Airbus A-321 моделиндеги жүргүнчү учагындагы 224 киши каза болгон болчу.

 



Тектеш кабарлар