Тадж - Махалды зыярат кылууга чектөө киргизилет

Тадж  - Махалдын кириш каалгаларынын бирөөсүндө бейшемби күнкү зыяратта тебелендиде калган 5 киши жараланган болчу.

881153
Тадж  - Махалды зыярат кылууга чектөө киргизилет

Индия дүйнөнүн жаңы жети кереметинин бирөөсү болгон Тадж – Махал зыяраттарына чектөө киргизүү чечимин чыгарды. "Indian Express" гезитинде чыккан кабарга караганда маданият министрлиги Индия археологиялык изилдөөлөр борборунун киргизген сунушу менен жуманын акырында жана эс алууларда эл ашыкча көп болгон Тадж -  Махал зыяраттарына чектөө алып келүүгө чечим чыгарды. Министрлик Агра шаарындагы күмбөздү бир күндө эң көп 40 миң туристтин зыярат кылышына уруксат берет жана зыярат мөөнөтүн 3 саат менен чектейт. Көрүлгөн чаралардын бул жумада ишке кириши күтүлүүдө.

Тадж  - Махалдын кириш каалгаларынын бирөөсүндө бейшемби күнкү зыяратта тебелендиде калган 5 киши жараланган болчу. Индия археологиялык изилдөөлөр борборунун маалыматына караганда күмбөздү орточо 35 – 40 миң турист зыярат кылууда. Бул сан эс алууга келгендер менен  жуманын акырында 60 – 70 миңге жетүүдө.

Бабур императору Шах Жихан Тадж  -  Махалды төрөп жатып каза болгон жубайы Мүмтаз Махалдын элесине курдурткан.



Тектеш кабарлар