АКШда ызгаардуу сууктан 16 киши каза болду

АКШда катуу суук болуп жатат

881426
АКШда ызгаардуу сууктан 16 киши каза болду

АКШнын өзгөчө чыгыш жээктери менен түндүк-чыгыш аймагында таасирдүүлүгүн көрсөткөн ызгаардуу сууктун себебинен 16 киши каза болду.

АКШнын аба ырайы боюнча улуттук агенттигинин билдирүүсүнө караганда, өлкөдө акыркы жылдардын эң суук кыштарынын бири өтүүдө.

Америка медиасында орун алган кабарларда, ушул учурга чейин кеминде 16 кишинин катуу сууктан каза болгону белгиленди.

Өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Мэн штатынан түштүк-чыгышындагы Флоридага чейин чыгыш жээгиндеги айрым штаттарда өзгөчө кырдаал жарыяланышына себепчи болгон катуу сууктун айынан Флориданын кээ бир шаарларына көптөгөн жылдардан кийин биринчи жолу кар жааганы билдирилди.

Штаттын Таллахасси шаарына 1989-жылдан бери биринчи жолу кар жааса, аймакта көптөгөн жылдардан кийин жааган карды көргөн америкалыктардын таң калуусу социалдык медиада эң көп бөлүшүлгөн видеолордун арасында болду.

АКШ менен Канаданын чек арасында жайгашкан белгилүү Ниагара шаркыратмасынын айрым бөлүмдөрүнүн да тоңушуна алып келген суук абанын таасирдүүлүгүнүн дагы бир жумага созулаары белгиленди.

Абанын температурасы түндүк-чыгыш штаттарында -0 градустан төмөн болсо, өлкөдөгү суук абага бейшемби күнү чыгыш аймактарына терс таасир тийгизе турган жаңы шамалдын да кошула турганы маалымдалды.



Тектеш кабарлар