Израиль армиясындагы аскерлердин жанын кыюсу

2017 -  жылы Израиль армиясынан 16 аскер жанын кыйган.

880941
Израиль армиясындагы аскерлердин жанын кыюсу

 

Израиль Канал 12 телекөрсөтүүсүнүн армиянын статистикаларына таянып берген кабарына караганда 2017 -  жылы каза болгон элүү беш аскерден он алтысынын өлүм себебинин жанын кыюу болгондугу белгиленди.

Кабарда башка аскерлерден жетөөсүнүн палестиналыктарга карата операцияларда, тогузунун саламаттыгынан улам, он экисинин авто жол кырсыгында, тогузунун капыстан атылган ок менен экөөсүнүн да иш кырсыгында каза болгондугу тууралуу маалымат берилди.

Өткөн жылы жарыяланган армия статистикасына караганда 2016 -  жылы каза болгон кырк бир аскерден он бешинин өлүм себеби жанын кыюу болуп катталган, 2014 – 2015 -  жылдары да ошол эле санда аскердин жанын кыйгандыгына көңүл бурулган.



Тектеш кабарлар