Нигерияда куралдуу кол салуу

Омоку шаарында чиркөөдөн чыккандарга карата жасалган куралдуу кол салууда 21 киши каза болуп, көп сандаган киши жараланды.

879981
Нигерияда куралдуу кол салуу

Нигериянын түштүк чыгышындагы Кросс Ривер аймагына таандык Омоку шаарында чиркөөдөн чыккандарга карата жасалган куралдуу кол салууда 21 киши каза болуп, көп сандаган киши жараланды. Омоку чиркөөсүнүн пастору Дэнди Батуэль куралдуу кишилердин чиркөөдөгү жаңы жылдык майрамдоодон чыккандар үйлөрүнө  бара жаткан учурда кол салуу жасалгандыгын, каза болгондордун арасында балдар менен аялдардын да бар экендигин айтты. Дэнди Батуэль : «Үйгө кайтып жатканда кол салуучулар бул кишилерге ок атышты»,- деди. Кросс Ривер полиция катчысы Омони Ннамди окуя тууралуу териштирүүнүн башталгандыгын билдирди.



Тектеш кабарлар