Иранда баш аламандык...

Режимге каршы нааразылык акция өткөрүү кыймылдары күчөп кеткен өлкөнүн ар кайсы шаарларында баш аламандык уланууда.

879837
Иранда баш аламандык...

Ирандын Исфахан провинциясына караштуу Нажаф-Абад шаарында режимге каршы чыккан митингчилер полицияны көздөй ок атып 1 полиция каза тапты, 3 полиция жаракат алды.

Ирандын Радио жана телеберүү мекемесине караштуу Жаш журналисттер жамааты маалымат агенттигине (YJC) караганда Нажаф-Абад шаарында бир митингчинин аңчы мылтыгы менен коопсуздук күчтөрүн көздөй ок атышынын себебинен 4  полиция жаракат алды. Жараланган полициялардан бирөө андан соң жан берди.

Машхад шаарында бейшемби күнү эч бир саясий партиянын чакыруусу болбостон чогулган топ, өлкөдөгү экономикалык шарттарга каршылык көрсөтүү максатында нааразылык акция уюштурган. Режимге каршы нааразылык акция өткөрүү кыймылдары күчөп кеткен өлкөнүн ар кайсы шаарларында баш аламандык уланууда.

Бул учурда консервативисттерге жакындыгы менен билинген Reca News   маалымат агенттигинин веб барагына караганда  Нажаф-Абаддагы митингдерде 2 төңкөрүшчүл гвардиячы жана 2 митингчи болуп 4 киши каза тапты.

Ирандан эфирге чыккан кабар веб барагы Асриран болсо Ирандагы режимге каршы чыккан митингдерде Исфахан провинциясына караштуу Кахдерижан районунун акимдигине кол салган митингчилерден бешөөнүн өлтүрүлгөнүн жарыялады.

Өлкө боюнча 400 чакты киши камакка алынып, айрым аймактарда интернет колдонуу чектелди.

Ирандын президенти Хасан Рухани болсо расмий интернет барагынан митингчилер менен коопсуздук күчтөрүнүн түздөн-түз кагылышуусунун ордуна жарандардын процесске кирүүсү керектиги боюнча чакырык салды.

Рухани: «Сындоо жана митингдер коркутуу эмес мүмкүнчүлүк болуп саналат. Эл, талап тоногондорго жана мыйзамдарды бузгандарга өзү жооп берет. Улутубуз мыйзамга жана адамдардын талаптарына терс түрдөгү ураандарды чакырган жана төңкөрүштүн ыйыктыгын жана баалуулуктарын кемсинткен бул азчылыкка чара көрөт»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар