Японияда mochiден каза болгондор
Японияда жаңы жылдын салттык тамагы болгон "mochiден» 2 киши каза болду.
Японияда жаңы жылдын салттык тамагы болгон "mochiден» 2 киши каза болду. Япония телеөкрсөтүүсү NHKнын кабарына караганда mochi жетип жатып буулган 15 киши ооруканага жаткырылды. Ооруканага жаткырылгандардан эки киши куткарыла алган жок. Глютенге бай күрүчтөн жасалган mochi япондордун жаңы жылдык менюсунда маанилүү орунга ээ. Күрүч унга айландырылып жана узун убакыт кайнатуу менен жасалган mochi куурулуу жана узун убакыт кайнатылуу менен бышырылат. Таттуу соя соусу же суу балыры менен берилген тамак жабышкак болгондуктан адамдардын тамагына жабышып дем тартуусуна тоскоол болушу мүмкүн. Жыл сайын жаңы жылдан мурда жетекчилер өзгөчө кары - картаңдар менен балдарга бул тамакты кичинекей бөлүктөргө бөлүү менен жегенди эскертишет. Адистер да «mochiни» жалгыз жебеш керектигин жана жуткандан мурда абдан жакшы чайноо керектигине көңүлдөрдү бурушууда.