Петербургдагы террордук кол салууну ДАИШ моюнга алды

Орусиянын экинчи чоң шаары болгон Санкт Петербургдагы бир маркетте 200 грамм ТНТге тең келген колдо жасалган граната жардырылган жана 18 киши жараланган болчу.

878742
Петербургдагы террордук кол салууну ДАИШ моюнга алды

Орусиянын Санект Петербург шаарында шаршемби күнү кечинде жасалган бомбалуу кол салуунун жоопкерчилигин террордук уюм ДАИШ моюнга алды. Ашыкча уюмдарды изилдеген борбору АКШ болгон SITE чалгындоо тобунун билдиргенине караганда кол салууну ДАИШтин Орусиядагы мүчөлөрү аткарган.

Орусиянын экинчи чоң шаары болгон Санкт Петербургдагы бир маркетте 200 грамм ТНТге тең келген колдо жасалган граната жардырылган жана 18 киши жараланган болчу.

Орусиянын мамлекет башчысы В. Путин жардыруунун террордук кыймыл экендигин айткан жана коопсуздук күчтөрүнө өз өмүрүнө коркунуч туудурган учурда террордук кылмышкерлерди өлтүрүү жоопкерчилигинин берилишин талап кылган.



Тектеш кабарлар