Израиль аскерлери палестиналыктрады жаралашты

Газадагы Палестина саламаттыкты сактоо катчысы Ешреф ел  - Кудра палестиналык Жемал Мухаммед Салихтин дарыланып жаткан ооруканада бүгүн эрте менен каза болгондугун белгиледи.

878744
Израиль аскерлери палестиналыктрады жаралашты

 Израиль аскерлеринин Газа чек арасында АКШнын Кудусту Израилдин борбор шаары катары таануу чечимине каршы чыгуу үчүн өткөрүлгөн митингдерге кийлигишүүсүндө жараланган палестиналык жаш жигит каза тапты. Газадагы Палестина саламаттыкты сактоо катчысы Ешреф ел  - Кудра палестиналык Жемал Мухаммед Салихтин дарыланып жаткан ооруканада бүгүн эрте менен каза болгондугун белгиледи.

Салих кечээ Газанын ортоңку бөлүгүндөгү Ел  -  Бурейж лагеринин чыгыш жагында өткөрүлгөн митингдерде Израиль аскерлери колдонгон чыныгы октун көкүрөгүнө келип тийиши менен оор жараланган болчу. Кудра да берген жазуу түрүндөгү маалыматында Израиль аскерлеринин чыныгы ок атышы менен 33 палетиналыктын жаралангандыгын билдирген.

Палестина саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген маалыматта Израиль аскерлеринин Ел  -  Халил жакындарындагы митингдерге кийлигишүүсүндө 3 палестиналыктын чыныгы ок менен жаралангандыгы, бирөөсүнүн абалынын оор экендиги билдирилди.

Палестина Кызылайынан берилген маалыматта да Израиль аскерлеринин Бейтүллахим шаарынын түндүк киришиндеги кийлигишүүлөрүндө 4 палестиналыктын чыныгы ок, 45 кишинин пластикалык ок менен 7сүнүн болсо түрдүү себептер менен жаралангандыгы билдирилди. Маалыматта 77 палестиналыктын да көздөн жаш агызуучу газдан таасирленгендиги билдирилди.



Тектеш кабарлар