АКШда өрт чыкты

АКШнын Нью  - Йорк провинциясынын Бронкс аймагында бир имаратта чыккан өрттө 12 киши каза болуп, 15 киши жараланды.

878229
АКШда өрт чыкты

АКШнын Нью  - Йорк провинциясынын Бронкс аймагында бир имаратта чыккан өрттө 12 киши каза болуп, 15 киши жараланды.

Нью  -  Йорк өрт өчүргүч департаментинен берилген маалыматка караганда Бронкс зоопаркынын жакынында беш кабаттуу бир имаратта өрт чыкты. Нью  -  Йорк мэри Билл де Бласио кырсык болгон жерде берген маалыматында өрттө 12 кишинин каза болгондугун, эң аз 15 кишинин жаралангандыгын айтты.

Кырсыкты Нью  - Йоркто болгон «эң жаман өрт трагедиясы» деп мүнөздөгөн Бласио өрттө каза болгондордун арасында бир жаштагы бир бөбөктүн да бар экендигин айтты.

Аймакка 170 өрт өчүргүч кызматкери жана тез жардам жиберилди. Жетекчилер өрттүн текшерүү астына алынгандыгын айтышты. Өрттүн чыгуу себеби азырынча белгисиз.



Тектеш кабарлар