Швецияда мечитке кол салуу жасалды

Кол салууда мечиттин айнектери сындырылды.

875881
Швецияда мечитке кол салуу жасалды

Швециянын түштүгүндөгү Саффле кыштагындагы Ислам маданий борборуна таандык Саффле мечитине ким экендиги азырынча белгисиз киши же кишилер  кол салды. Кол салууда Саффле  мечитинин айнек  - терезелери сынды.

Ислам маданий борборунун жетекчиси Абдихакем Адан окуяны «коркунучтуу бир кол салуу» деп мүнөздөдү. Адан кол салууда мечиттин айнектеринин сынгандыгын жана сыныктардын дубалдарга зыянын тийгизгендигин айтты. Адан мечитте күн сайын орточо 100 кишинин намаз окугандыгын билдирди.

Полиция кол салуу тууралуу алдыңкы иликтөөнү аяктап, окуяга жек көрүү менен жасалды деген ыктымал боюнча токтолууда.



Тектеш кабарлар