Орусия-Англия мамилелеринде чыңалуу

Саясий чыңалуу деңизге чагылды.

875804
Орусия-Англия мамилелеринде чыңалуу

Англия менен Орусиянын ортосундагы саясий чыңалуу деңизге чагылды.

Англиялык бир фрегат, Англиянын жээк сууларынан өтүп бараткан орус согуштук кемесин коштоп жүрдү.

Англиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, Түндүк деңизде бараткан Орусияга таандык «Адмирал Горшков» аттуу согуштук кемеге байкоо салынганы белгиленди.

Билдирүүдө Жаңы жылдык эс алуу мезгилинде орус флотунун Англияга жакын сууларда кыймылдуулугунун артканы маалымдалды.

Эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштар, Англиянын тышкы иштер министри Борис Жонсондун 22-декабрдагы Москвага сапарында, Орусияны башка өлкөлөрдүн шайлоолоруна кийлигишти деген күнөөлөөсү боюнча чыңалган болчу.



Тектеш кабарлар