Атактуу ырчы Лорд Израилдеги концертин токтотту

Буга чейин да Роджер Уотерс жана Элвис Костелло сыяктуу ысымдар да Израилде өткөрө турган концерттерин жоюшкан болчу

875342
Атактуу ырчы Лорд Израилдеги концертин токтотту

Дүйнө жүзүнө таанымал жаңы зеландиялык ырчы Лорд, Израилде адам укуктарынын бузулушунан улам июнда Тель-Авивде өткөрө турган концертин жойгонун билдирди.

Lorde билдирүүсүндө «Учурда туура чечим» деген сөздөрүнө орун берди.

АКШ 6-декабрда Кудусту Израилдин бобор шаары деп тааныгандан кийин башталган митингдерде израилдик аскер жана полициялардын катуу мамилелери айыпталып, палестиналык жактоочулар ырчыны концерттерин жоюуга чакырышкан болчу.

Буга чейин да Роджер Уотерс жана Элвис Костелло сыяктуу ысымдар да адам укуктарынын бузулушунан улам Израилде өткөрө турган концерттерин токтотушкан болчу.



Тектеш кабарлар