Орусиянын Европага кол салуу үчүн машыгуу өткөргөндүгү айтылууда

Орусиянын сентябрь айындагы "Запад 2017" машыгуусунда НАТО менен Европа өлкөлөрүнө каршы согушка даярдык көргөндүгү билдирилди.

872942
Орусиянын Европага кол салуу үчүн машыгуу өткөргөндүгү айтылууда

Орусиянын сентябрь айындагы "Запад 2017" машыгуусунда НАТО менен Европа өлкөлөрүнө каршы согушка даярдык көргөндүгү билдирилди. Немис  Bild гезити чалгындоо булактарына таянып берген кабарында Орусиянын 100 миң аскер менен жүргүзгөн машыгуунун атынын расмий түрдө «террорго каршы күрөш» болгондугун, бирок машыгуунун дагы көп НАТО жана Европа өлкөлөрүнө каршы согуш планы экендигин жазды.

Машыгуудагы сценарийге караганда бир канча күндүн ичинде Балтика өлкөлөрүнүн алынышы максат кылынууда. Андан кийин машыгууда НАТОго мүчө Батыш Европа өлкөлөрү жана өзгөчө Германия, Голландия, Польша, Норвегия, Финландия жана Швейцарияга  кыймыл жасалышы орун алууда.

Кабарда Орусиянын төрт жылда бир өткөргөн Запад машыгуусунун коргонуу жана анти террорду максат кылгандыгы билдирилген бирок толугу менен туура эмес экендиги ортого салынды. Гезит орус армиясынын согуш пландарынын НАТОнун аскердик жооп кайтаруусуна да тоскоол болууну максат кылгандыгын, ушул максатта немис жана Голландия деңиз флотуна таандык комплекстердин түндүктөн жасала турган абадан кол салуулар менен атуу планынын да бар экендигин билдирди.

Гезитке маалымат берген чалгындоо жетекчилери Орусиянын согуш боло турган болсо Швеция жана Финландиянын тарапсыз калбай тургандыгын ойлогондугун ушул себептен да бул өлкөлөргө карата «Александр» ракеталары менен кол салуу пландагандыгын  билдиришти.

 



Тектеш кабарлар