Батыш Шериада 15 палестиналык жараланды
Израиль аскерлеринин баскын астындагы Батыш Шерианын Эриха шаарында болгон окуяларга кийлигишүүсүндө 15 палестиналык жараланды.
871283
Израиль аскерлеринин баскын астындагы Батыш Шерианын Эриха шаарында болгон окуяларга кийлигишүүсүндө 15 палестиналык жараланды.
Палестина Кызылайынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Эриханын Айн Султан качкын лагеринде чыккан окуяларга Израиль аскерлеринин кийлигишүүсүндө 15 киши пластикалык октон жараланды. Маалыматта 3 палестиналыктын да көздөн жаш агызуучу газдан таасирленгендиги белгиленди.
Көргөн күбөөлөр окуялардын бир группа фанат еврейдин Израиль аскерлеринин коргоосу астында Айн Султандагы тарыхый синагогдо ыбадат кылуучу аймакты басып алышынан кийин чыккандыгын белгилешти.