АКШдагы аэропортто жүргүнчүлөр камалып калды...

АКШнын Атланта Хартсфилд-Жексон аэропортундагы электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашы,миңдеген жүргүнчүнүн аэропортто камалып калышына себепчи болду.

870327
АКШдагы аэропортто жүргүнчүлөр камалып калды...

АКШнын Атланта Хартсфилд-Жексон аэропортундагы электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашы, көп сандаган учуунун кийинкиге жылдырылышына жана миңдеген жүргүнчүнүн аэропортто камалып калышына себепчи болду.

Жоржия штатындагы аэропорттун бардык операцияларына таасир эткен электр үзгүлтүгү электр энергиясын камсыздаган фирманын жер астындагы ишканаларынан биринде чыккан өрттүн кесепетинен болду.

Атланта шаарынын мэри Касим Рид, жергиликтүү убакыт боюнча саат 13:00дө башталган электр энергиясынын үзгүлтүгү түн ортосунан тарта соңуна чыгарыла турганын жана учуулар кайрадан нормалдуу боло баштай турганынын маалыматын бөлүштү.

Жүргүнчүлөрдүн көйгөйлөрүн жоюш үчүн колдорунан келгенин кыла тургандарын билдирген Рид, үзгүлтүккө себепчи болгон өрттүн аэропорттун негизги электр чубалгыларына зыян тийгизишинин себебинен кайрадан электр энергиясынын камсыздалышы убакыт алганын айтты.

АКШ медиасында орун алган кабарларга караганда аэропортто электр үзгүлтүгүнүн себебинен орто эсеп менен миңдей каттам кечикти.

АКШнын эң маанилүү аэропортторунан бири болуп саналган Атланта Хартсфилд-Жексон аэропорту жылдык жүргүнчү саны жагынан дүйнөнүн эң кыймылдуу аэропорту катары бааланган.



Тектеш кабарлар