Трамп - Путин сүйлөшүүсү

Орусиянын президенти В. Путин менен АКШнын президенти Дональд Трамп телефондо Түндүк Корея жана эки тараптуу карым катнаштарды сүйлөшүштү.

869391
Трамп  - Путин сүйлөшүүсү

Орусиянын президенти В. Путин менен АКШнын президенти Дональд Трамп телефондо Түндүк Корея жана эки тараптуу карым катнаштарды сүйлөшүштү.

Кремлдин басма сөз борборунан берилген маалыматта Трамп жана Путиндин башта Түндүк Кореядагы ядролук маселе катары кризис аймактарына байланыштуу маселелерди карап чыгышкандары белгиленди.

Ак үйдөн берилген маалыматта болсо Трапмтын Путиндин кечээ өткөргөн пресс  - жыйынында айткан : «АКШ биржаларындагы жогорулоо базарлардын президентке болгон ишенимин көрсөтүүдө»,- деген сөздөрү үчүн рахмат айткандыгы билдирилди.

Путин кечээ борбор шаар Москвада өткөргөн пресс  - жыйында АКШнын президенти катары жакында бир жылын толтура турган Трамптын кыска убакытта маанилүү ийгиликке жетишти деп баа берип : «Өзгөчө АКШ базарында болгон өсүүнүн жыйынтыгы катары муну көрө алабыз. Инвесторлордун АКШ экономикасына арткан ишеними Трамптын жакшы иштегендигин белгилейт»,- деген.



Тектеш кабарлар