Тиллерсондон Түндүк Кореяга чакыруу

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Түндүк Корея менен алдыңкы шартсыз столго отурууга даяр экендерин айтты.

867574
Тиллерсондон Түндүк Кореяга чакыруу

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Түндүк Корея менен алдыңкы шартсыз столго отурууга даяр экендерин айтты.

Вашингтондо өткөрүлгөн Атлантика Кеңешинин Корея фонду форумунда сөз сүйлөгөн Тиллерсон сүйлөшүүлөрдү баштоо жана жол картасын белгилөө үчүн Түндүк Кореянын столго отурушуна муктаж экендерин билдирди. Түндүк Корея каалаган учурда сүйлөшүүгө даяр экендерин айткан Тиллерсон эки сүйлөшүү үчүн алдыңкы шартсыз иш алып баруу үчүн бир жол картасын түзө алышарын билдирди.

«Колуңдагы программаны таштай турган болсоң сени менен сүйлөшүүгө даярбыз» деп столго чакыруу чындык болбойт»,- деген Тиллерсон дипломатиялык аракеттердин бүтүшү менен аскердик  ролдун ишке кирерин белгиледи.

АКШ өкмөтү ушул кезге чейин Түндүк Корея менен сүйлөшүүлөрдүн башталышы үчүн атомдук программанын токтотулушу шартын ортого салды. Мамлекеттик катчы Тиллерсондун акыркы билдирүүсү АКШнын Түндүк Корея саясатында өзгөрүүлөрдүн болору боюнча анализденди.

Тиллерсон август айында берген маалыматында : «Түндүк Кореянын атомдук куралдарын сактай тургандыгын ойлоо менен столдо диалогдун түшүмдүү болорун ойлобоймун»,- деген жана эки өлкөнүн ортосундагы сүйлөшүүлөргө каалгасын жапкан болчу.



Тектеш кабарлар