БУУнун Коопсуздук Кеңеши Иерусалим үчүн чогулду

БУУнун Коопсуздук Кеңеши АКШнын президенти Дональд Трамптын Иерусалимди Израилдин борбор шаары катары таануу чечимин карап чыгуу үчүн чогулду.

864772
БУУнун Коопсуздук Кеңеши Иерусалим үчүн чогулду

БУУнун Коопсуздук Кеңеши АКШнын президенти Дональд Трамптын Иерусалимди Израилдин борбор шаары катары таануу чечимин карап чыгуу үчүн чогулду.

БУУнун Жакынкы Чыгыш Тынчтык процессинин атайын координатору Николай Младенов Трапмтын чечиминен кийин аймакта күч колдонуунун күч алуу коркунучу бар экендигин баса белгиледи. Младенов башкы катчы Антонио Гуттеррештин : «Израиль  -  Палестина келишпестигинин түздөн түз сүйлөшүүлөр менен чечилиши керектиги жана «эки мамлекеттүү чечүүчү жолго Б планынын болбогондугун» кайталады.

АКШнын өкүлү Никки Хэйли болсо Трамптын чечиминин тынчтыктын алдыга жылдырылышына карата экендигин жактады. Жыйында Англия, Франция, Германия, Италия жана Швеция элчилери Трамптын чечимине кошулушпагандарын билдиришти. Элчилердин жыйындан кийин билдирген орток маалыматында : «АКШнын чечимине кошулбайбыз. Бул чечим Коопсуздук Кеңешинин чечимдерине тескери. Эки мамлекеттүү чечүүчү жолго барганга чейин Иерусалимдеги эгемендикти кабыл албайбыз»,- деген сөздөргө орун берилди. Маалыматта айрыкча : «Вашингтондун Палестина  - Израиль тынчтыгы үчүн кенен түрдө план сунуштоосун күтүп жатабыз»,- деп айтылды.



Тектеш кабарлар