Японияда храмга кол салуу жасалды

Япониянын борбор шаары Токиодо Шинто храмына жасалган кол салууда 2 киши каза болду.

864343
Японияда храмга кол салуу жасалды

Япониянын борбор шаары Токиодо Шинто храмына жасалган кол салууда 2 киши каза болду.

Киодо агенттигинин кабарына караганда эркек кол салуучу караныдашы болгон башкы монашка менен бир аялды өлтүргөндөн кийин жанын кыйды. Томиока Хачимангу храмында башкы монашканын шоферу да жараланган кол салуудан кийин кандуу самурай кылычы табылды.

Храмдын башкаруусу бул тууралуу маалымат бербестен жергиликтүү массалык маалымат каражаттары эки бир туугандын мурас тууралуу келишпестик жашагандыгын жазышты.

Жижи агенттигинин кабарында Шигенага Томиока аттуу кол салуучунун 1990 -  жылдарда атасынан калган башкы монахтык орундугуна отургандыгы, 2001 -  жылы кызматынан алынгандыгы, атасынын кайрадан башкы монахтык кызматка келгендиги, карындашы Нагако Томиоканын да храмдын экинчи кишиси экендиги белгиленди. Кабарда Томиоканын бул жылдарда карындашын коркуткан каттарды жибергендиги, 2006 -  жылы камоого алынгандыгы, 2010 -  жылы атасынын пенсияга чыгышы менен карындашынын башкы монахтыкка келгендиги белгиленди.

Фукагава Хачиман  жайкы фестивалы менен таанылган Томиока Хачимангу храмы 1927 -  жылы курулган.



Тектеш кабарлар