Орусиянын Иерусалим билдирүүсү

Орусиянын Муфтийлер кеңеши Трамтын чечимин айыптады

863564
Орусиянын Иерусалим билдирүүсү

Орусия Трамптын Иерусалим чечимине катуу санааркап жатат...

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков өз билдирүүсүндө, АКШнын президенти Дональд Трамптын Иерусалимди Израилдин борбор шаары деп жарыялаган чечиминин аймактагы абалды дагы да татаалдаштырганын айтты.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө да, Израиль-Палестина процессинде БУУ тарабынан бекитилген принциптерге колдоо көрсөтүүнүн улана турганы белгиленди.

Ошондой эле Трамптын чечиминин Израиль-Палестина келишпестигин дагы да тереңдетиши мүмкүн экени боюнча эскертилип, бул чечимдин чоң тынчсыздануу жаратканы белгиленди.

Аты аталган принциптердин негизинде Орусиянын Чыгыш Иерусалимдин келечектеги Палестина мамлекетинин борбор шаары болушу керектигине карата көз карашында кандайдыр бир өзгөрүү болбогону баса белгиленген билдирүүдө, ошол эле учурда Батыш Иерусалимдин Израилдин борбор шаары катары эсептелгени маалымдалды.

Бардык тараптарларга коркунучтуу жана алдын алууга болбогон жыйынтыктарга себепчи боло турчу кадамдардан алыс туруу чакырыгы айтылган билдирүүдө, АКШ чыгарган чечимдин Израиль-Палестина карым-катнаштарын жана бардык аймактагы кырдаалды дагы да баш аламан абалга алып келиши мүмкүн экени жана буга катуу санааркап жаткандары белгиленди.

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Геннадий Гатилов орус маалымат агенттиги ТАССка берген маегинде, АКШ тарабынан чыгарылган чечимге кошулбагандарын баса белгилеп: «БУУнун Коопсуздук кеңешинде өткөрүлө турган отурумда АКШнын бул чечимин сынга алабыз»,-деди.

Бул учурда Орусиянын Муфтийлер кеңеши Трамптын Тель-Авивдеги элчилигин Иерусалимге ташуу чечимин айыптап, Вашингтонду бул жаңылыш чечиминен баш тартууга чакырды.

Борбору Москвада жайгашкан Муфтийлер кеңешинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, АКШ башкаруучулугунун чечими айыпталды.



Тектеш кабарлар