Аль Аксанын бардык жарыктандыруулары өчүрүлдү

БУУнун Коопсуздук Кеңеши 1980 -  жылы кабыл алган 478 – номердүү чечим менен Израилдин аннекция жана борбор шаар жарыясын жараксыз деп тапты.

863009
Аль Аксанын бардык жарыктандыруулары өчүрүлдү

АКШнын президенти Дональд Трамптын Иерусалимге байланыштуу провакациялык чечимин жарыялашы менен ошол эле учурда баскын астындагы Чыгыш Иерусалимдеги Аль Аксанын бардык жарыктандыруулары өчүрүлдү.

Ошол эле минуталарда Бейтуллахим шаарында христиандар тарабынан Азырети Исанын төрөлгөндүгүнө ишенилген Мехд чиркөөсүнүн аянтындагы рождество  дарагынын караңгылатылгандыгыда билдирилди.

Чыгыш Иерусалимди 1957 -  жылы 5 -  июнда басып алган Израиль 1980 -  жылы бир тараптуу шаардын чыгышын менен батышын «бириккен борбор» шаар деп жарыялады.

БУУнун Коопсуздук Кеңеши 1980 -  жылы кабыл алган 478 – номердүү чечим менен Израилдин аннекция жана борбор шаар жарыясын жараксыз деп тапты.

БУУнун Коопсуздук Кеңешинин токтомдорунун негизинде АКШ жана эл аралык коомчулук Чыгыш Иерусалимдин баскын астында экендигин кабыл алууда. Израиль башкаруусун тааныган бардык өлкөлөрдүн элчиликтери Тель Авивде. Эч бир өлкө Иерусалимди же чыгыш жана батыш аймактарын борбор шаар катары кабыл албай жатат.



Тектеш кабарлар