АКШда токой өрттөрү жайылып баратат
Тилсиз жоо Лос-Анжелестин Бел Эйр аймагына жетти
863120
АКШнын Калифорния штатынын түштүгүндө дүйшөмбү күнү башталган токой өрттөрү шамалдын да таасири менен жайылып баратат.
Тилсиз жоо Лос-Анжелестин Бел Эйр аймагына жетти.
Лос-Анжелестин чөйрөсүндө 200 имарат күйүп кетти. Орто эсеп менен 200 миң киши эвакуацияланды.
Өрттүн себебинен аймакта телесериалдардын тартылышы да убактылуу токтоду.