Орусия кышкы Олимпиада оюндарынан четтетилди

Орусия буга бойкот кылабы?

862147
Орусия кышкы Олимпиада оюндарынан четтетилди

Эл аралык Олимпиада комитети, Орусияны 2018-жылкы Кышкы Олимпиада оюндарынан четтетти.

Швейцариянын Лозанна шаарындагы Эл аралык Олимпиада комитетинин Аткаруу кеңешинин жыйынынан кийин жарыяланган жазуу түрүндөгү билдирүүдө, Орусиянын 2018-жылы Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында өтүүчү Кышкы Олимпиада оюндарынан четтетилгени маалымдалды.

Билдирүүдө допинг текшерүүлөрү таза чыккан орус атлеттердин болсо 2018-жылкы Кышкы Олимпиада оюндарына көз карандысыз түрдө катышууларына уруксат берилгени белгиленди.

Орус атлеттердин оюндарда «Орусиядан катышкан олипимиада спортчулары» деген ат менен мелдеше тургандары айтылды.

Орус жооптуу кызматкерлер болсо бул чечимге катуу каршылык көрсөтүштү. Алар бул абалды талкуулашты.

Орусиянын футбол федерациясынын Башкаруу кеңешинин мүчөсү жана Думанын эл өкүлү Игорь Лебедов, Эл аралык Олимпиада комитети тарабынан чыгарылган бул чечимдин күчтүү мамлекет абалындагы Орусия үчүн басмырлоочу экенин жактады.

Орусиянын Пхёнчхандагы Кышкы олимпиада оюндарына катышууну бойкот кылышы керектигин баса белгилеген Лебедев: «Бул боюнча чыгарыла турчу эң жакшы чечим олимпиаданы бойкот кылуу. Ушундайча Орусиянын күчүн көрсөтө алабыз. Олимпиадага катышпообуз болсо алсыздыктын белгиси болот»,-деди .

Орусиянын Олимпиада комитетинин жетекчиси Александр Жуков болсо орус атлеттерге акыркы эки жылдан бери эл аралык уюмдар тарабынан допинг колдонууга байланыштуу байкоо салынып жатканын белгилеп: «Бул байкоо салуу процесси бою орус атлеттердин допинг колдонбогондорун көрүштү жана орус атлеттердин бул мезгилдеги бардык ийгиликтерине да чын дилден жетишишти»,-деп айтты.

Орусиянын мамлекеттик телерадио компаниясынын (VGTRK) билдирүүсүндө да орус командасы орун албаган учурда Орусияда Олимпиада оюндарынын эфирге чыгарылбай турганы маалымдалды.



Тектеш кабарлар