БУУнун кызматкери Түндүк Кореяга барат

Жеффри бүгүн Түндүк Кореянын борбор шаары Пхеньянга барат

861466
БУУнун кызматкери Түндүк Кореяга барат

БУУнун саясий иштер боюнча жооптуу баш катчысынын орун басары Жеффри Фельтман 5-8-декабрда Түндүк Кореяга сапар жасайт.

Маалымдалгандай Жеффри бүгүн Түндүк Кореянын борбор шаары Пхеньянга барат.

Түндүк Кореянын сентябрь айындагы чакыруусу боюнча Фельтмандын саясий диалог үчүн Пхеньянга бара турганы белгиленген билдирүүдө, Жеффри Фельтмандын Түндүк Кореянын тышкы иштер министри Ри Йонг Хо, министрдин орун басары Пак Мён Гук жана өлкөдөгү БУУнун делегациясы менен жолугуша турганы маалымдалды.

Өлкөнүн лидери Ким Чен Ын менен жолугушуусу күтүлбөгөн Жеффри 6 жылдан кийин Түндүк Кореяга сапар жасаган биринчи БУУнун жооптуу кызматкери болот.

 



Тектеш кабарлар