Путин Адилет министрлигине буйрук берди

Орусия АКШга жооп кайтарат

861065
Путин Адилет министрлигине буйрук берди

Орусиянын президенти Владимир Путин, Адилет министрлигине айрым чет өлкөлүк ММКлардын «чет элдик агент» мыйзамынын алкагында каттоодон өтүүлөрүн баштатуу буйругун берди.

Тизмеде министрликтен буга чейин эскертүү алган америкалык 9 маалымат каражаты орун алат.

АКШ Sputnik менен Russia Today ММКларын «чет элдик агент» катары каттоодон өткөргөндөн кийин Орусия 25-ноябрда чет өлкөдөн каржыланган маалымат каражаттарынын ушундай эле түрдө каттоодон өткөрүлүшүнө байланыштуу жарлыкты күчүнө киргизген болчу.

RTнин чет элдик агент катары каттоодон өткөрүлүшүн көздөгөн FARA аттуу мыйзамдын алкагында чектөөлөр коюлгандан кийин Орусиянын Адилет министрлиги айрым АКШлык ММКларга ушундай эле түрдө жооп кайтарыла турганы жөнүндө эскертүү жөнөткөн болчу.

Эскертүү жибергендердин арасында Voice of America, Current Time, Radyo Free Europe/Radio Liberty сыяктуу АКШлык маалымат каражаттары орун алган.



Тектеш кабарлар