Йеменде чуулгандуу окуялар...

Йеменде мурдагы мамлекет башчысы Али Абдуллах Салих өлтүрүлдү.

861183
Йеменде чуулгандуу окуялар...

Йеменде мурдагы мамлекет башчысы Али Абдуллах Салих өлтүрүлдү.

Салихтин өлтүрүлгөнү өзү жетектеген Жалпы элдик конгресс партиясы тарабынан да ырасталды.

Жалпы элдик конгресс партиясынын жогорку рангадагы жооптуу кызматкеринин жарыясында, мурдагы мамлекет башчысы Али Абдуллах Салихтин конвоюн Санага жакын жерде хусилер токтотуп өлтүрүп койгонун белгиледи.

Йемендин борбор шаары Санада мурдагы мамлекет башчысы Али Абдуллах Салихке таандык эки эски үйдүн хусилер тарабынан талоонго алынганы айтылган.

Бул учурда хусилер менен Салих күчтөрүнүн арасында борбор шаар Санада бир топтон бери уланган ок атышуулардын күчөп кеткени боюнча армияга «шашылыш операция» буйругу берилди.

 Президент Абдуррабу Мансур Хади, армияга борбор шаар Санага шашылыш операция жүргүзүү буйругун берди.

БУУнун Йемен гуманитардык жардам координатору Жейми Макголдрик болсо, борбор шаар Санада мыйзамдуу өкмөт менен каршылаштарынын ортосундагы кагылышууларды соңуна чыгаруу чакырыгын салды.

Буга кошумча Йемен өкмөтүн колдогон Сауд Аарбия баштаган коалиция күчтөрү да хусулер жайгашкан жерлерге абадан операция жүргүздү.



Тектеш кабарлар