Шанхай Кызматташтык Уюмунда кызматташтык арттырылышы керек

Орусиянын премьер  - министри Дмитрий Медведев Шанхай Кызматташтык Уюмунда экономикалык кызматташтыкты арттыруу керектигин айтты.

859861
Шанхай Кызматташтык Уюмунда кызматташтык арттырылышы керек

Орусиянын премьер  - министри Дмитрий Медведев Шанхай Кызматташтык Уюмунда экономикалык кызматташтыкты арттыруу керектигин айтты.

Медведев Сочиде Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн премьер  - министрлери катышкан өкмөт башчыларынын кеңешинде сүйлөгөн сөзүндө Орусия менен Шанхай Кызматташтык Уюму мүчөлөрүнүн ортосундагы соода көлөмүнүн бул жылы 80 миллиард долларга жеткендигин белгиледи.

Шанхай Кызматташтык Уюмунун негизинен коопсуздук саясатында координация темалары менен иш алып барган мекеме катары ойлонулгандыгын эске салган Медведев : «Шанхай Кызматташтык Уюмунун негизинде экономикалык кызматташтыкка жана экономикалык бүтүндүктүн жаратылышына карата кыймыл кылышыбыз керек»,- деди.

Шанхай Кызматташтык Уюмунун негизинде бир министрликтин да курулушу керектигин баса белгилеген Медведев : «Бул тууралуу сүйлөшүүлөрүбүз көптөгөн жылдардан бери улантылууда. Эми бул тууралуу  кадам ташташыбыз керек. Бул тууралуу так жыйынтык алуу толугу менен биздин колубузда»,- деди. Медведев Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчөлүк үчүн кайрылууда болгон Иран менен Афганстандын да уюмга мүчөлүгү үчүн алдында  бөгөттүн жок экендигин айтты.



Тектеш кабарлар