Афганстанда аялдарга гана таандык ресторан ачылды

Ресторандын ээси Захра Парса ресторанга келген кардарлардын көпчүлүгүнүн университетте окуган студенттер экендигин айтты.

859629
Афганстанда аялдарга гана таандык ресторан ачылды

Афганстандын түндүгүндөгү Мезар  -  ы Шериф шаарында биринчи жолу аялдарга таандык ресторан ачылды.

Өлкөдө көп сандаган кафе жана ресторан болсо да негизги кемчиликтердин бири болгон эркектерге таандык болгондой аялдарга таандык болгон, ээн эркин, жалгыз бара ала турган ресторандын жоктугу.

Мезар – ы Шерифте ачылган жана биринчи жолу ачылган «Бано» башкача айтканда «Аял» аттуу ресторан афган аялдарынын социалдашуусуна мүмкүнчүлүк берүүдө.

Согуштан чарчаган афган аялдар бул ресторанда тамак жеп, китеп окуй алышат.

Аялдарга карата күч колдонуу жана катуу кысым болгон өлкөдө ачылган жаңы ресторандын ээси Захра Парса ресторанга аялдардын гана келе аларын айтты.

Афганстандагы аялдардын да ээн эркин отуруп тамак жей ала турган жердин жоктугун билгендигин айткан Парса атын «Аял» рестораны деп  койгон жер ачууга чечим чыгаргандыгын белгиледи. Ресторандын бардык кызматкерлеринин аялдар экендигин айткан Парса ушундайча аялдардын жумуш менен камсыздалышына мүмкүнчүлүк түзүлөрүн белгиледи.

Парса ресторанга келген кардарлардын көпчүлүгүнүн университетте окуган студенттер экендигин айтты.



Тектеш кабарлар