Итальян гезити Эрдоганды мактап жазды

Түркия күчтүү таларкерлердин бири

858325
Итальян гезити Эрдоганды мактап жазды

Итальян «La Gazzetta dello Sport» гезити президент Режеп Тайип Эрдогандын түрк футболу үчүн чоң мүмкүнчүлүк экенин жазып чыкты.

«La Gazzetta dello Sport» гезитиндеги кабарда Эрдогандын түрк футболуна кошкон маанилүү салымдарынан сөз кылынып, EURO-2024кө кожоюндук кылуусу темасында Түркиянын күчтүү талапкерлерден экени билдирилди.

Ошондой эле Түркияда президент Эрдогандын жетекчилигинде салынган стадиондор тууралуу жазылды.

Кабарда 2009-2017-жылдар аралыгында 21 стадиондун ачылганы жана бул жетишкендиктин Европада окшошу жок экени сөз кылынып, ушул инвестициялар аркылуу Түркиянын EURO-2024кө талапкерлиги үчүн ат салышкан Германияга караганда күчтүү экени белгиленди.



Тектеш кабарлар