Адам Укуктары жана Эркиндиктери Уюму ИХХ азык - түлүк пакетин таркатты
Адам Укуктары жана Эркиндиктери Уюму Дамасктын Чыгыш Гута аймагында кыйын шарттарда жашап жаткан 5 миң бала үчүн азык - түлүк пакетин таркатты.
Адам Укуктары жана Эркиндиктери Уюму ИХХнын Гуманитардык жардам фонду Сирияда Башар Асад режими блокадага алган борбор шаар Дамасктын Чыгыш Гута аймагында кыйын шарттарда жашап жаткан 5 миң бала үчүн азык - түлүк пакетин таркатты.
ИХХнын Сирия боюнча медиа жооптуусу Селим Тосун берген маалыматында 5 жылдан бери режимдин курчоосу астындагы Чыгыш Гутада азык - түлүк жана дары кризисинин барган сайын чоңоюп жаткандыгын белгиледи. Тосун : «Балдар, аялдар жана кары – картаңдар ачкачылык менен күрөшүп жатат. Чыгыш Гутада кээ бир бөбөктөр азык - түлүк жана дары - дармектин жетишсиздигинен улам каза болуп жатат»,- деди. Чыгыш Гутада 400 миң жаран жашаганын билдирген Тосун : «Ачкачылык менен күрөшүп жаткан жарандарга жардамдардын берилишин күтүп жатабыз»,- деди.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.