Түндүк Корея кризиси Канадада талкууланат

Түндүк Кореянын ядролук жана баллистикалык ракета программасынын дүйнө жүзүнө түздөн-түз коркунуч туудурганын белгилеген Фриленд, бул коркунучтун чыдамды кетиргенине көңүл бурду.

857755
Түндүк Корея кризиси Канадада талкууланат

Канаданын тышкы иштер министри Кристина Фриленд, өлкөсүндө өтө турган тышкы иштер министрлеринин жыйналышында Түндүк Корея кризиси карала турганын билдирди.

Фриленд, жазуу түрүндөгү маалыматында Түндүк Кореянын акыркы баллистикалык ракета сыноосун катуу айыптагандарын жарыялады.

Түндүк Кореянын БУУнун коопсуздук кеңешинин токтомдорун түздөн-түз бузганын баса белгилеген Фриленд: «Бул акыркы мезгилде, аймактык жана глобалдык коопсуздукту коркунучка салган ченемсиз жана коркунучтуу мамиле болуп саналат. Канада, Япония, Түштүк Корея жана аймактагы берки өнөктөштөрүнө болгон колдоосун дагы бир жолу жаңылоодо. Түндүк Кореяны ядролук жана баллистикалык ракета программаларын таштап кетүүгө мажбурлаган санкциялар менен катар Түндүк Кореянын коркунучтары тууралуу аймактык жана эл аралык аракеттерге колдообуз толук»,-деп айтты.

Түндүк Кореянын ядролук жана баллистикалык ракета программасынын дүйнө жүзүнө түздөн-түз коркунуч туудурганын белгилеген Фриленд, бул коркунучтун чыдамды кетиргенине көңүл бурду.

Канаданын Түндүк Корея кризисине дипломатиялык чечүүчү жол табышы керектүүлүгүн жана мүмкүн экенине ишенгенин айткан Кристина Фриленд: «Түндүк Кореянын провакациялары уланган платформага каршы Азия жолугушууларым убагында АКШ, Кытай, Түштүк Корея жана Япониядан кесиптештерим менен бул теманы көп жолу сүйлөштүк. Жакында бул шашылыш эл аралык коркунучка карай АКШнын да катышуусунда Канадада тышкы иштер министрлеринин жыйналышын өткөрүбүз. Бул жыйналыштын күнү жана жери убактысы келгенде билдирилет»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар