Трамп дүйнөгө курал сатуу жагынан чек билбейт окшойт...

АКШнын президенти Дональд Трамп, ноябрь айына чейин орто эсеп менен 49 миллиард доллардык курал сатууга кол койду.

857481
Трамп дүйнөгө курал сатуу жагынан чек билбейт окшойт...

Ак үйдөгү орундугуна үстүбүздөгү жылдын 20-январында олтурган АКШнын президенти Дональд Трамп, ноябрь айына чейин орто эсеп менен 49 миллиард доллардык курал сатууга кол койду.

АКШ Конгрессинде жасалган аскердик келишим билдирүүлөрүнөн алынган маалыматка караганда Трамп, акыркы мезгилдин эң көп курал сатуусун кылган президенттерден бири катары катталды.

Буга караганда январь-ноябрь айларынын аралыгында Трамп бийлигинде АКШ, орто эсеп менен 49 миллиард доллар баасындагы аскердик курал, ок-дары жана материалды бир топ ар башка өлкөгө сатып, акыркы жылдардын эң жогорку сатуу чегине жетти.

Өткөн жылдагы 33 миллиард доллардык сатуудан кийин быйыл 50 миллиард долларга жакындаган деңгээлге жетиши, Трамп бийлигинин «курал келишимдери жаатында мурдагы бийликтерден дагы каалоочу» болгону түрүндө баа берилди.

Бир жолу эң жогорку өлчөмдөгү курал сатуусун «FA-18 Super Hornet» учагы менен Канадага жасаган АКШ, бул сатуу үчүн Канада менен сентябрь айында 5,2 миллиард доллардык келишимге кол койду.

Канададан кийин 3,9 миллиард доллар менен Бахрейн болуп, бул өлкө бир жылда бирден көп жолу аскердик курал жана шайман алды.

Сауд Арабия болсо 23-январдан бери АКШдан бардыгы 3,6 миллиард доллардык курал жана  аскердик  шайман сатып алууну ишке ашырды.

Трамптын Рияд сапары убагында медиага чагылышкан 110 миллиард доллардык аскердик инвестиция меморандуму болсо азырынча Сауд Арабиянын Коопсуздук кызматташтыгы агенттигинин документтеринин арасында каттала элек.

Жаңы келишим долбоорунун, жалгыз бардык темалар сүйлөшүлүп бүткөн соң келишимге айландырыла турганы жана АКШдагы тийиштүү органдарга барыла турганы белгиленген.

АКШдан эң көп курал жана аскердик шайман сатып алуулары болгон өлкөлөрдүн арасында Англия көңүлдү буруп турат.

Англиянын Вашингтондон ушул жылдын ичинде ар башка түрдө 3,2 миллиард доллардык курал жана аскердикшайман алганы көрүнүүдө.

Англиядан кийин 3 миллиард 45 миллион доллардык курал жана аскердикшайман сатып алуу менен Бириккен Араб Эмирликтери турат.

Тайван жана Израиль болсо Трамп мезгилинде 1 миллиард долларга жакын курал жана аскердик шайман сатып алган өлкөлөрдүн арасында.

Бир тараптан АКШнын мурдагы президенти Барак Обама, Конгресстин каттоолоруна караганда 8 жылдык кызмат мөөнөтү убагында орто эсеп менен 277 миллиард доллар, ал эми жылдык орто эсеп менен да 35 миллиард доллардык курал сатты.

Айрыкча Обама, 277 миллиард доллардык сатуусун кылып АКШнын 2-Дүйнөлүк согуштан бери эң көп курал саткан президенти катары тарыхта калды.



Тектеш кабарлар