Пентагон ПККнын Сириядагы уландысы ПЙГга берилген куралдарын чогултуу ниетинде...

Пентагон мурдагы күнкү маалымат жыйынында айрым журналисттердин Пентагондогу басма сөз катчысы, полковник Роб Мэннингге берген суроолорго жазуу түрүндө жооп берди.

857402
Пентагон ПККнын Сириядагы уландысы ПЙГга берилген куралдарын чогултуу ниетинде...

АКШнын Коргоо министрлиги Сирияда  жикчил террор уюму ПККнын аймактагы уландысы ЙПГ баштаган Демократиялык Сирия күчтөрүнө (DSG) берген чоң унаалар жана оор куралдарды кайра чогултуу ниетинде экенин жарыялады.

Пентагон мурдагы күнкү маалымат жыйынында айрым журналисттердин Пентагондогу басма сөз катчысы, полковник Роб Мэннингге берген суроолорго жазуу түрүндө жооп берди.

Бир журналисттин «таратылган куралдардын чогултуу баскычы болобу?» түрүндөгү суроосуна Пентагон, «Ниетибиз атайын коркунучтар жоюлгандан кийин чоң унаалар жана оор курал же кишилер тарабынан колдонулган унаалардын чогултулушу»,деген жоопту берди.

Анда айрыкча АКШ аскерлеринин да аянтта куралдардын колдонулушун байкаганын жана АКШ колдогон күчтөрдүн АКШнын колдоосунун алдын ала шарты болгон Женева конвенциясы жана Куралдуу кагылышуу мыйзамдарына баш ийүүнү кабыл алганы экени айтылды.

«Министрдин айтканы сыяктуу Женева сүйлөшүүлөрүн колдоо үчүн DSGга курал берүүдөсүзбү? түрүндөгү суроого болсо Пентагондун жооптуу кызматкерлери ДЕАШ тууралуу күрөшүүнүн уланганын жана бул уюмдун туруктуу жеңилүүгө учуратылышы үчүн жасалышы керек болгондор бар экенин белгилеп, АКШнын DSGга колдоосунун улана турганын кайталап жооп берди.

Анда колдоонун кеңириси бөлүшүлбөстөн колдоонун каралып чыга турганы эске салынды.



Тектеш кабарлар