Иран Бойко Борисовдун учагына уруксат берген жок

Болгария  - Иран учак кризисинде Түркия аракетке өттү.

857877
Иран Бойко Борисовдун учагына уруксат берген жок

 

Сауд Аравияга расмий сапар менен барган Болгариянын премьер  - министри Бойко Борисовдун учагына Иран аба мейкиндигинен өтүү уруксаты берилген жок.

Болгариянын тышкы иштер министри Екатерина Захариева премьер  - министр Борисовдун учагына Иран аба мейкиндигинен өтүү уруксатынын берилбеши жана түрк жетекчилеринин жардамы менен Ирак аркылуу Сауд Аравияга учушкандарын белгиледи.

Захариева керектүү бардык уруксаттардын мурунтадан алынгандыгын жана ушуга карабастан өтүү уруксаты берилбегендигин белгиледи.

Премьер  - министр Борисовдун учагына уруксаттын берилбешинен кийин Софиядагы Иран элчилиги тышкы иштер министрлигине чакырылды. Болгарь басма сөзү Иран менен Сауд Аравиянын ортосундагы карым – катнаштардын жакшы эмес экендигин жана бул абалдын учак каттамына чагылгандыгын билдирди.



Тектеш кабарлар