Путин менен Корль Селман телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү

Жакынкы Чыгыштагы  абалдан сөз кылган Путин жана Король Селман узун мөөнөттүү чечүүчү жолго карата таштала турган кадамдарды карап чыгышты.

852750
Путин менен Корль Селман телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү

Орусиянын президенти В. Путин Сауд Аравиянын королу Селман бин Абдулазиз менен да телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү. Кремлдин басма сөз борборунан берилген маалыматта Сирияда террористтерге каршы күрөштүн ийгиликке жетиши жана Жакынкы Чыгыштагы  абалдан сөз кылган Путин жана Король Селмандын сүйлөшүүдө аймакта узун мөөнөттүү чечүүчү жолго карата таштала турган кадамдарды карап чыгышкандары белгиленди.

Маалыматта  Сирия улуттук диалог конгрессинин БУУнун коргоосу астында Сириядагы саясий чечүүчү жолду ылдамдатарын  белгилеген Путиндин сүйлөшүүдө Риядда 22 – 24 – ноябрда чогула турган сириялык оппозициячылдардын да бул процессти колдой тургандарына карата күтүүлөрүн айткандыгы билдирилди. Маалыматта айрыкча Путин жана Король Селмандын нефть жана жаратылыш газ базарларында Орусия жана Сауд Аравиянын ортосундагы кызматташтыктын артуу менен улантылышы тууралуу да бирдей пикирде экендери баса белгиленди.



Тектеш кабарлар