Кремлдин билдирүүсү

Ушаков журналисттерге маалымат берди

851133
Кремлдин билдирүүсү

Кремлдин тышкы саясаттар боюнча кеңешчиси Юрий Ушаков, Сирия улуттук диалог конгрессине күрт топтордун катышуусунун, президент Режеп Тайип Эрдоган, Орусиянын президенти Владимир Путин жана Ирандын президенти Хасан Рухани тарабынан карала турганын айтты.

Ушаков борбор шаар Мосвада журналисттерге берген маалыматында, Конгресске байланыштуу календардын азырынча тактала электиги белгиленди.

Конгресске күрт топтордун чакырылып же чакырылбай турганына байланыштуу суроого жооп берген Ушаков: «Бул тема Сочиде өткөрүлө турган жыйында каралат. Жыйынга аскердик жооптуу кызматкерлер да катышат»,-деди.

Президент Эрдоган, Орусиянын президенти Путин жана Ирандын президенти Руханинин 22-ноябрда Орусиянын Сочи шаарында жолугушуусу күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар