Индия Израилден ракета алуудан баш тартты

Индия Израиль менен түзүүнү ойлогон 500 миллион долларлык ракета келишиминен артка кадам таштады.

850962
Индия Израилден ракета алуудан баш тартты

Индия Израиль менен түзүүнү ойлогон 500 миллион долларлык ракета келишиминен артка кадам таштады. Indian Express гезитинин коргоо министрилигинин булактарына таянып берген кабарында Индиянын Израилден алууну пландаган 500 миллион долларлык танктарга каршы ракета келишимине кол коюдан баш тарткандыгын жазды.

Жетекчилер бул чечимдин жергиликтүү коргоо өнөр жайынын өнүктүрүлүшү үчүн чыгарылгандыгын белгилеп минисрликтин негизиндеги Коргонуу изилдөө жана өнүктүрүү уюмунан армиянын колдонушу үчүн алып жүрүүгө боло турган танктарга каршы ракетасын чыгаруу үчүн иштерди баштоо жолдомосунун берилгендигин билдирди.

Эки өлкөнүн арасында ракета келишими тууралуу сүйлөшүүлөр 2014 – жылдан бери улантылып келүүдө. Бул келишимге ылайык Израилдин коргоо фирмасы Рафаэль менен Индиянын Каляни тобу ортоктошо ишке ашырган Индия армиясына алып жүрүүгө боло турган танкка каршы ракетасы чыгарылмак.



Тектеш кабарлар