Cауд Аравия - Иордания аскердик машыгуусу

Сауд Аравия менен Иорданиянын «Йермук – 2» аттуу аскердик машыгуусу аяктады.

848728
Cауд Аравия - Иордания аскердик машыгуусу

 

Сауд Аравиянын Амман элчилигинин басма сөз офисинен берилген маалыматка караганда Иорданиянын түндүгүндө өткөрүлгөн эки өлкөнүн аскердик күчтөрү катышкан «Йермук – 2» машыгуусу аяктады.

Биргелешкен аскердик машыгуунун аякташы менен өткөрүлгөн аземде сөз сүйлөгөн Сауд Аравиянын Түндүк аймагынын командири Фехд бин Абдуллах ел  - Матир Иорданиянын араб аймагында террор коркунучуна каршы күрөшкөн «Чечкиндүүлүк борошосу» операцияларына катышкандыгын эске салып, мындай биргелешкен машыгуулардын аскердик күчтү өнүктүргөндүгүн, офицерлердин аскердик башкаруудагы жетишкендигин арттыргандыгын белгиледи.

Матир машыгуунун террордук коркутууларга ылдам түрдө каршылык көрсөтүү, тоскоолдуктарды ашуу, ылдам чечим чыгаруу, аскердик операцияларды күчтөндүрүү жана катышуучулардын арасында кызматташтык менен координацияны арттыруу максаты менен өткөрүлгөндүгүн айтты.

 



Тектеш кабарлар