АКШ Сирияда өтө коркунучтуу оюн ойноп жатат...

American Heritage фондунун «Дуглас жана Сара Эллисон» тышкы саясат борборунун директору Луки Коффи, саясат, экономика жана коомчулукту изилдөөлөр фондунун Вашингтон кеңсеси (SETA DC) уюштурган «Сирияда ажырым» диспутунда сөз сүйлөдү.

849061
АКШ Сирияда өтө коркунучтуу оюн ойноп жатат...

American Heritage фондунун эксперти Луки Коффи, АКШнын жикчил террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ПЙД/ЙПГны куралдандыруусун коркунучтуу оюн деп мүнөздөдү.

American Heritage фондунун «Дуглас жана Сара Эллисон» тышкы саясат борборунун директору Коффи, саясат, экономика жана коомчулукту изилдөөлөр фондунун Вашингтон кеңсеси (SETA DC) уюштурган «Сирияда ажырым» диспутунда сөз сүйлөдү.

АКШнын булактарын Сириянын түндүгүндө жүргүзгөн стратегияга байланыштыруусунун тар көз караш болгонун белгилеген Коффи, Америка күчтөрүнүн Сириянын түндүгүндө көп убакытка кала ала турганын жана бул стратегиядан оң жыйынтык чыгара турганы де белгисиз экенин айтты.

Коффи: «Америка калкынын көпчүлүгү салыктарынын Нео-Марксист идеологияга ээ болгон жана АКШнын Мамлекеттик департаментинин «чет элдик террор уюмдары тизмесиндеги ПЙД/ЙПГга төлөнгөнүн билгенде бул бир санааркоо булагы болмок»,-деп айтты.

АКШнын Сирияда көпкө созулган роль ойноосун ПКК/ЙПГ каалаганын билдирген америкалык эксперт, «Сирия абдан жылмакай платформа. Ракканын ылдам алынышынын чыгымы ЙПГ сыяктуу бир уюмду куралдандыруу болсо, менин оюмча мунун эч кереги жок эле» деген серебин салды.

ПКК/ПЙД менен ДЕАШтын ортосунда жашыруун макулдашуулар болгонуна токтолгон Коффи, мунун ПКК/ПЙДнын коопсуз эместигин ортого салганын түшүндүрдү.

Түркия-АКШ карым-катнаштарынын Америка бийлигинин ПКК/ПЙДга колдоо көрсөткөнү боюнча начарлаганын айткан Коффи, Түркияда АКШга каршы болуп турган тынчсыздануунун түшүнүктүү экенин баса белгиледи.

SETA DCнин директору Кадир Үстүн болсо, террор уюму ПКК/ПЙДнын Мүнбич районунан чыга турганы тууралуу АКШнын Түркияга убада бергенин, бирок булар ишке ашырылбаганын айтты.



Тектеш кабарлар