Түндүк Корея АКШдагы жанар тоону «козгоп» АКШны жок кылабы?

Америкалык атактуу кутум теориячысы жана жазуучу Дэвид Мид, жаңы айтымдары менен күн тартипте.

847926
Түндүк Корея АКШдагы жанар тоону «козгоп» АКШны жок кылабы?

Америкалык атактуу кутум теориячысы жана жазуучу Дэвид Мид, Түндүк Кореянын АКШнын Вайоминг штатындагы Йеллоустоун жанар тоосун ядролук бомба менен «козгоп» бул өлкөнү жок кылууну пландаганын айтып чыкты.

 Expressтин кабарына караганда Мид, колунда суутек бомбасы болгон Түндүк Корея лидеринин, АКШнын түндүк батышындагы супер жанар тоосун «козгош» үчүн кайсы өзгөчөлүктөргө ээ болгон ядролук дүрмөт керектигин түшүнүүгө аракет кылганын жана ушул максат менен Түндүк Кореядагы Пектусан жанар тоосун олуттуу түрдө изилдегендерин айтты.

Аты аталган маалыматтардын себебинен дайыма коркутулганын белгилеген Мид, компьютеринин да бир канча жолу хакерлердин кол салуусуна учураганын айтты.

Муну менен катар АКШлык изилдөөчү, ортого салган айтымдарды колдой турган далилдерди сунуштабай, бардык өзгөчөлүктөрдү жаңы басмадан чыга турган китебинде окурмандары менен бөлүшө турганын белгилеп кетти.

Адистерге караганда Йеллоустоун улуттук паркындагы супер жанар тоонун жарылган учурунда чөйрөдө жашаган 87 миң киши каза болооорун, АКШнын жеринин үчтөн экиси болсо атмосферага жайыла турган вулкандык чаң-булут жана «ядролук кыштын» таасири менен жашалгыс абалга айланат.

Дэвид Мид, октябрь айында «Нибиру» аттуу планетанын жер шарына урунуп алаамат боло турганын айтып чыкканда күн тартипке келген.



Тектеш кабарлар