Орусиядан Англияга жооп

Орусиялык катчы Захарова, Англиянын премьер-министри Тереза Мэйдин билдирүүсүнө жооп берди

847876
Орусиядан Англияга жооп

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова, Англиянын башынан өткөрүп жаткан жаман убакыттан улам коомчулукту алаксытуу үчүн Орусияны тышкы душман катары тандаганын айтты.

Захарова жарыялаган жазуу түрүндөгү билдирүүсү менен Англиянын премьер-министри Тереза Мэйдин Орусияны «эл аралык тартипти коркунучка салууда» деп күнөөлөөсүнө жооп берди.

Мэйдин Орусияны күнөөлөгөн билдирүүсүнүн «жоопкерчиликсиз» жана «негизсиз» экенин белгилеген Захарова, эл аралык тартипти коргоо пикиринин Англия кабинетинен шылдыңдагандай түрдө айтылганын сөз кылды.

Захарова: «Англиянын Иракта жана Ливияда эч бир эл аралык мыйзамдын күчтөнүшүн камсыздабаган, миллиондогон адамга азап тарттырган жана бардык аймактын ыраатуулугун бузууга карай агрессивдүү аракеттерин эстөө жетиштүү болот»,-деди.

Англия коомчулугунун өлкөнүн Европа Биримдигинен чыгуу процесси жана ички бөлүнүүгө байланыштуу жаман убакытты өткөрүп жатканын баса белгилеген Захарова: «Коомчулуктун көңүлүн башка жерге буруу үчүн тышкы душманга керектүү болгону жана бул душмандын да Орусия катары тандалгандыгы түшүнүктүү болуп турат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар