Грецияда сел жүрдү

Селде беш кишинин каза болгондугу билдирилди.

848312
Грецияда сел жүрдү

Грециянын борбор шаары Афина жакындарында болгон селде беш  киши каза болду. Грецияда болгон сел апаатында каза болгондордун саны жогорулап жана көп сандаган кишиден кабар алына албай жатат. Өрт өчүргүч катчысы ушул кезге чейин беш кишинин каза болгондугун ырастап, грек басма сөзү каза болгондордун санынын жетиге чыккандыгын билдирди.

Массалык маалымат каражаттары бир топ кишиден кабар алына албагандыгын  белгиледи.

Каза болгондордун кээ бирлеринин сөөктөрү суу баскан үйлөрдө изилдөө – куткаруу иштери учурунда табылды. Жээктеги кыштак Неа Перамосто да сел жана суунун ташуусу менен жолдордо күчтүү агымдардын болушу менен жүздөгөн киши үйлөрүнөн жана машиналардан чыга албай калышты.

Куткаруу иштери 125 өрт өчүргүч кызматкери жана 40 унаа менен улантылууда.  

Сел апааты болгон Мандра, Неа Перамос жана Мегара райондорунда өзгөчө кырдаал жарыяланды.

 

 



Тектеш кабарлар