ИХХ Сирияга жардам берүүнү улантууда

Сирияда 10 айда 370 миллионго жакын нан таркатылган.

847507
ИХХ  Сирияга жардам берүүнү улантууда

Сирияда Адам укуктары жана эркиндиктеринин гуманитардык жардам фонду тарабынан 10 айда 370 миллионго жакын нан таркатылгандыгы билдирилди.

ИХХ Адам укуктары жана эркиндиктери гуманитардык жардам фондунун Сирия иштеринин Хатай офисинин медиа боюнча жооптуусу Селим Тосун берген маалыматында Сириядагы үй – бүлөлөрдүн табитине ылайык нан жеткиришкендерин белгиледи.

Сириядагы кээ бир фирмалардын ун жардам бергенин да белгилеген Тосун : «Хатайдын Рейханлы районундагы логистикалык борборунда курулган нан бышыруучу жерде бышырып үй  - бүлөлөргө жеткирүүдөбүз. Январь  -  октябрь мезгилинде 370 миллионго жакын нан Хомс, Хама, Идлиб, Дамаск жана Халеп элети менен Түркиянын чек арасына жакын лагерлердеги сириялык үй – бүлөлөргө жеткирилди»,- деди. Тосун жарандык согуштан жапа чеккен үй  - бүлөлөргө жардамдардын улантыларын белгиледи.

 



Тектеш кабарлар