Филиппиндерде Трампка каршы митинг

Манилада АКШнын президенти Дональд Трампка каршы митинг өткөргөн митингчилер менен полициянын ортосунда чыккан окуяларда он алты киши жараланды.

846644
Филиппиндерде Трампка каршы митинг

Филиппиндердин борбор шаары Манилада АКШнын президенти Дональд Трампка каршы митинг өткөргөн митингчилер менен полициянын ортосунда чыккан окуяларда он алты киши жараланды.

Солчул топтор дыйкандар жана студенттерден турган жүздөгөн киши Түштүк Чыгыш Азия Эл аралык Биримдиги АСЕАНдын лидерлер саммити үчүн Маниладагы Трампка каршы митингге чыгышты.

Митингде Трамптын 4 метрдик айкели жана портреттери өрттөлдү. «Трампка тыюу салгыла», «АКШ бөлүктөрү дароо чыккыла» жана «АКШ империализми  куласын» деген плакаттар менен жүргөн митингчилер АКШ жана Трампка каршы ураандар менен жүрүштү. Полиция АКШнын Манила элчилигине барууну каалаган митингчилерге басымдуу суу чачты.

Митингчилер менен полициянын ортосунда чыккан кагылышууда алтоосу полиция, ону митингчи болуп, он алты киши жараланды.



Тектеш кабарлар