Трамп APEC саммитинде сөз сүйлөдү

Трамп Вьетнамда Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтыктын саммитине катышты

844734
Трамп APEC саммитинде сөз сүйлөдү

АКШнын президенти Дональд Трамп Азия-Тынч океан өлкөлөрүнүн (APEC) эч кимдин менчиги эмес экенин айтты.

Президенти Трамп Азияга сапарынын алкагында Вьетнамда Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтыктын саммитине катышты.

Дананг шаарындагы сөз сүйлөөсүндө Трамп: «Азия-Тынч океан аймагынын биз келечекте көпкө чейин досу, өнөктөшү жана шериктеши болобуз»,-деди.

Трамп 21 мүчөлүү APECтен тышкаркы аймак өлкөлөрүнүн да «чоң өнүгүү» камсыздаганын айтты.

«Адилеттүүлүк менен өз ара аракеттенүү принциптеринин алкагында күчтүү соода изденүүсүндө болобуз. Соода өнөктөштөрүбүздөн эрежелерге баш ийишин күтүп жатабыз»,- деген АКШнын президенти: «Дүйнөлүк соода уюму бизге адилеттүү мамиле кылган жок»,- деп айтты.

АКШ жана Азия-Тынч океан өлкөлөрү «ачык соода» болушун күткөндөрүн айткан Трамп: «Кытай менен учурдагы соода тең салмагы кабыл алынгыс»,-деди.



Тектеш кабарлар