Москвада Чалгындоо кызматынын имаратында өрт чыкты

Өрттүн себебинен 3 киши каза болду

844350
Москвада Чалгындоо кызматынын имаратында өрт чыкты

Орусиянын борбор шаары Москвада Тышкы чалгындоо кызматына таандык имаратта чыккан өрттөн 3 киши каза болду.

Орус маалымат агентти ТАССтын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жооптуу кызматкерлеринен алып берген маалыматына караганда, кечээ кечки убактарда Тышкы чалгындоо кызматынын имаратында чыккан өрттүн көзөмөлгө алынганы белгиленди.

Ошондой эле имаратта кызмат кылган 7 кишинин куткарылганы билдирилди.

Өрттүн себеби иликтенип жатат.



Тектеш кабарлар