Иракта мусулмандар чиркөөнү оңдошту

Иракта мусулман бир жаштар группасы экинчи чоң чиркөө Sacred Heart of Jesusту оңдошту.

844461
Иракта мусулмандар чиркөөнү оңдошту

Иракта мусулман бир жаштар группасы террордук уюм ДЕАШтын 2014 -  жылы Мусулду колго алышынан кийин зыян тарткан өлкөнүн экинчи чоң чиркөөсү Sacred Heart of Jesusту оңдошту.

Мусулдун Телкейф районунда ондогон ыктыярдуу мусулман жаштар 1912 -  жылы курулган чиркөөдө урандыларды тазалышты. Өрттөн калган калдыктарды тазалаган мусулман жаштар чиркөөнүн коңгуроосун да ордуна коюшту. Бул кадам үйлөрүн таштоого мажбур болгон христиандардын шаарларына кайра кайтышы, ыбадаттарын коопсуз түрдө жана тынчтык ичинде орундатууларына мүмкүнчүлүк түзүү максатында ташталды.

ДЕАШтын Телкейф районун колго алгандан кийин миңдеген христиан үйлөрүн таштап башка аймактарга кетүүгө мажбур болгон. Ирактын премьер  - министри Хайдар ел  - Ибади 9 айга жакын созулган аскердик операциянын натыйжасында 10 -  июлда Мусулдун ДЕАШтан тазалангандыгын билдирген болчу.



Тектеш кабарлар