Израиль аскерлери палестиналыктардын үйүн кулатты

Израиль аскерлери басып алган Батыш Шериада палестиналыктарга таандык үч үйдү «уруксаты жок» деген негиз менен кулатты.

842714
Израиль аскерлери палестиналыктардын үйүн кулатты

Израиль аскерлери басып алган Батыш Шериада палестиналыктарга таандык үч үйдү «уруксаты жок» деген негиз менен кулатты.

Иордания өрөөнүнүн түндүгүндөгү Тубас шаарынын чыгышында жайгашкан кыштакта кирпич жана бетондон үй курган үч палестиналык үй – бүлө үйсүз калды.

Үйлөрдү кулатуу учурунда окуя жеринде болгон Анадолу агенттигинин кабарчысы көп сандаган Израиль аскеринин кыштакты басып алып, келген бульдозерлор менен үч үйдү кулаткандыгын айтты. Кулаган үйлөрдүн эки жыл мурда курулгандыгы жана аймакты басып алган Израиль бийлигинин  үй ээлерине «уруксаты жок» деген негиз менен үйлөрүнүн кулатыларын жазуу түрүндө билдиргендиги белгиленди.



Тектеш кабарлар