Трамп бул жолу балыктарга жем бериши менен күн тартибинде

Трамп Акасака сарайында премьер  - министр Шинзо Абе менен бирге өлкөгө таандык бир балык түрү болгон коилерге жем берди.

841869
Трамп бул жолу балыктарга жем бериши менен күн тартибинде

АКШнын президенти Дональд Трамп Япония сапарында бир куту жемди балыктар жашаган көлчүккө ыргытуусу менен күн тартиптен орун алды. Япониянын борбор шаары Токиодо жолугушууларын улантып жаткан Трамп Акасака сарайында премьер  - министр Шинзо Абе менен бирге өлкөгө таандык бир балык түрү болгон коилерге жем берди.

Абе жемди  кашык  менен аз – аздан балыктарга берсе,   Трамптын  жемди куту менен ыргытышы көңүлдөрдү бурду. Ак үйдүн кабарчысы  Алекс Пфайффер ал учурду  телефону менен тартып алгандан кийин социалдык медиа эсебинен бөлүштү.  Муну көргөн АКШнын  мамлекеттик катчысы Тиллерсон да Трамптын бул кыймылына абдан күлдү.

Бир тараптан кой балыктарынын көп жем жешинин жаңылыш экендиги да белгиленди. Ашыкча жем жеген балыктардын ооруп калуу ыктымалы менен бетме – бет экендиги да белгиленди.



Тектеш кабарлар